"Манас" аэропортунан бомба табылган жок

Атайын кызматтар "телефон террорчусу" менен ага тиешеси барларды издөөнү улантат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан эч кандай жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКга бомба тууралуу билдирүү саат 15:09да келип түшкөн. Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин кызматкерлери дароо келип, аэропорттогу жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашкандай, билдирүү келип түшөрү менен аэропорттун бардык имараты, учактар текшерилген. Саат 17:40та аэропорт кадимки тартипте иштей баштаган.

Атайын кызматтар "телефон террорчусу" менен ага тиешеси барларды издөөнү улантыларын айтышты.

Эске салсак, "Манастагы" бомба тууралуу коркутуу Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келген. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары жазылган. УКМК бул коркутуу чет өлкөдөн жасалганын билдирди.

Бомба тууралуу билдирүү келип түшөрү менен эмне болгонун бул жактан караңыз