КТРКда кызматкерлер үчүн уктап эс ала турчу жай салынат. Видео

Эс алуу жайы эки айдын ичинде жасалып бүтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын имаратында кызматкерлер үчүн эс ала турчу жай салынат. Бул тууралуу телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков социалдык баракчасына жазды.

Эс алуучу жайдын даярдалып жатканы тартылган видеону ал Facebook баракчасына жарыялаган.

Карыпбековдун айтымында, КТРК мамлекеттик мекемелердин ичинен мындай кадамга биринчилерден болуп барып жатат.

"Жакында КТРКнын кызматкерлери иш учурунда уктап эс ала алышат", — деди ал.

Эс алуу жайында кинотеатр, окуу залы жана уктоо үчүн да жай болот.