Кеминде үй өрттөнүп, 58 жаштагы киши каза болду

Өрттүн электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан учкундан улам болгонун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кемин районундагы Боролдой айылында үйдөн чыккан өрт киши өмүрүн алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Боролдой айылындагы Жээнбеков көчөсүндөгү турак үйдүн бөлмөсүнүн 3 чарчы метр аянты күйгөн. Тамдын ичинде калган 58 жаштагы киши иске ууланып каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден өрттүн электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан учкундан улам болгонун айтышты.

Бир нече күн мурда Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, милиция кызматкерлери күйүп жаткан батирдин ичиндеги адамдарды куткарып калганга жетишкен.