Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча күбөлөргө тергөө басым жасадыбы? ИИМдин жообу

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева киши колдуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат жыйынында "Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча тергөө тарабынан күбөлөргө басым болуп жатабы?" деген суроо узатылды.

Бул суроого жооп берген ИИМ жетекчисинин ыкчам иликтөө боюнча орун басары Мирлан Каниметов жооп берди.

"Тергөө тарабынан эч кандай басым болгон жок. Шектүү Калыбек Элтуйбасов миграция мыйзамын бузганы үчүн АКШда кармалган. Аны экстрадициялоо боюнча маселелер такталып жатат", — деди Каниметов.

Эскерте кетсек, Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасов 25-декабрда кармалган.

Аида Салянова агасынын АКШдан кармалганы боюнча үн катты
2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси А.Н. жардам берген. Ошол учурда видео милицияларга дагы керек болгон.

Элтуйбасовго өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.