Кийимдин ордуна почтадан алтын келгенде. Франциядагы окуя

Жигит баштыктын оор экендигин байкап, аярлап ачып, алгач таңгала түшкөндүгүн айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Аялы менен чет өлкөгө эс алууга камынып, аялына жаңы купальник алуу үчүн буюртма берген кишиге почта таптакыр күтпөгөн буюмду алып келген. Бул туурасында РИА Новости Le Point басылмасы жазды.

Франциялык жигит көлгө түшө турган кийимдин ордуна баалуу тыйындар менен кошо наркы 20 миң евро турган уютулган алтын алган.
Ишемби күнү мындай кымбат баалуу аманатты алган Ван шаарынын 27 жаштагы тургуну Жюльен Шаньо башкача кадамга барган.

АКШ: аманат катары жөнөтүлгөн бомбалар Обама менен Клинтонго багытталган

Жигит баштыктын оор экендигин байкап, аярлап ачып, алгач таңгала түшкөндүгүн айтып берген.

Анын ичинде XX кылымдын башында чегилген алтын тыйындар жана 700 граммдык, наркы 20 миң евро баалуу металл бар экени айтылат.

Жюльен Шаньо бул жеткиргендердин катасы экендигин дароо билип, аманатты шаардагы комиссариатка алып барган. Полиция буюмдардын ээсин белгиленген дарек менен издеп таап, байланышка чыккан. Басылма адашкан буюмду ээсине кайтарып бергени менен жигиттин буюртмасы дагы деле колуна тие электигин жазды. Жубайлар март айында Вьетнамга эс алууга барып келүүнү пландашууда.