Мэрия кызматкерлеринин чыры: Бишкекте дагы 4 миң бак кыйылабы?

Кечээ мэриянын эки структурасынын жетекчилери жол куруу үчүн бак кыюу маселеси көтөрүлгөндө чырдаша кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Жашылчарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева менен Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Азыгалиев жаңжалдаша кетти. Буга калаадагы төрт миң бакты кыюу боюнча маалымат себеп болгон. Бул туурасында мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтымында, кечээ мэриянын жыйынында Бишкектин 60 көчөсүнүн жолун оңдоо боюнча талкуу жүргөн. Жолдошевага жол куруу үчүн 4 миң бакты кыюу сунушу жаккан эмес.

"Жолдошева колундагы альбомун, кагаздарын Азыгалиев тарапка ыргытып жиберди. Капиталдык курулуш башкармалыгы үчүн бул жөн гана кыйып салуу болсо, ал үчүн ар бир дарак тирүү жан сыяктуу экенин айтты. Жолдошева бактар менен жан дүйнөсү жакын экенин жана кыйдырып салууга жол бербестигин белгилеген", — деди Алмамбетова.

Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү башталды. Сүрөт
Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги төрт миң бактын ичинде кооптуулук жараткан, куурап калган жана дүмүрлөр бар экенин айткан.

"Балким 1000 бак, же андан аз кыйылаттыр. Эгер мүмкүн болсо, дарактарды башка жакка көчүрөбүз. Биз калаа тургундары менен макулдашып алып анан долбоорду даярдайбыз. Эл өзү чечсин. Эгер бактарды кыюудан баш тартса, долбоор өзгөрүшү мүмкүн", — деди мэриянын маалымат катчысы.

Соңунда ал төрт миң бакты кыюу боюнча мэрия тарабынан расмий чечим чыкпаганын кошумчалады.