Радио

Абдылдаева: акча берсе милицияга кайрылбайм деген ата-энелер арбыды

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева баласын бирөө сабап койсо, андан акча өндүргүсү келген ата-энелер көбөйгөндүгүн айтты.
Sputnik
Абдылдаева: акча берсе милицияга кайрылбайм деген ата-энелер арбыды
Абдылдаева: акча берсе милицияга кайрылбайм деген ата-энелер арбыды

Балдар өз ара түшүнүшпөй, пикир келишпестик пайда болуп, уруша кетет. Мындай учурда күнөөнү баласынан же өзүнөн эмес, мугалим менен милициядан издеген ата-энелер көбөйүп баратат. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баласы бирөө тарабынан запкы тарткан учурда акча берсеңер милицияга арыз жазбайм деген ата-энелер да арбыды.

"Менин баламды сенин балаң урду. Акча берсеңер милицияга кайрылбайм" деген ата-энелер бар. Мындай жол менен маселе чечилип калбайт. Баласы мектепти бүтүп кетет. Ата-энеси андан кийинки жашоосун да ойлонушу керек. Баланын коопсуздугун акчага сатып салуу туура эмес. Айрым учурда ата-энелер күнөөнү өзүнөн же баласынан эмес, мугалим менен милициядан издейт. Балага түшүндүрүү иштерин ата-эне мугалим менен бирдикте жүргүзүп, баары биргеликте иш алып барышы керек", — деди Абдылдаева.

Ал ошондой эле класс жетекчи да ар бир балага болушушу керектигин кошумчалады.