Тюменде тойго баратып суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

Микроавтобустун генератору менен аккумулятору иштебей калган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиянын Тюмень облусунда кыргызстандыктар бараткан микроавтобус бузулуп, суукта калган кишилер куткарылды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган облус боюнча башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

Куткаруучулардын айтымында, аба ырайы 30 градустан ашык суук болгон учурда федералдык трассанын боюнда жылынуу үчүн чакан пунктулар иштей баштайт.

Москвада кыргызстандык короо шыпыргычты сабады деп жетекчиси кармалды
Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматына билдирүү келип түшүп, эркек киши Тюмень — Ханты-Мансы жолунун 410-чакырымында машина бузулуп, 9 киши суукта калганын айткан.

Бардык маалыматтар такталгандан кийин окуя болгон жерге куткаруучулардын чакан пункту жиберилген. ӨКМдин куткаруучулары жеринен бузулуп калган автоунааны жана 9 кишини табышкан.

Жолдо калгандар Кыргызстандан болорун жана тууганынын үйлөнүү тоюна баратканын айтышкан.

"Микроавтобустун генератору менен аккумулятору иштен чыгып, жолубузду улай албай калдык. Жардам бергиле", — деген алар.

Автоунаа оңдолуп, 5 аял менен 4 эркек киши окуя болгон жерден 25 чакырым алыс аймактагы жерге түнөгөн.

ӨКМдин Тюмень облусу боюнча башкы башкармалыгы узак жолгон чыкканда жүргүнчүлөрдү жылуу кийим алып алууга чакырат.