Сот-медициналык экспертиза бөлүмүнүн аймактагы башчысы пара менен кармалды. Видео

1-февралда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бөлүм башчы К.Т. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Sputnik

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Сот-медициналык экспертиза борборунун Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн башчысын пара менен кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Пара алып көрдүңүз беле? Бажы кызматынын төрагасынын реакциясы видеодо
Ага ылайык, финансы полициясына А.А. аттуу жаран кайрылып, Сот-медициналык экспертиза борборунун Жалал-Абад облусунун Аксы району, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр шаарлары боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы К.Т. аттуу жаран жалган соттук-медициналык корутунду чыгарып берүү үчүн 100 миң сом талап кылып жатканын айткан.

Аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин "акча талап кылуу" беренеси боюнча каттоого алынган.

1-февралда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бөлүм башчы К.Т. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү жаран Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.