БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 5-февралда республика боюнча жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облусунда +1…+6 градуска жетет.
Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу болору айтылды.
Ош шаарында жамгыр жаап, күндүн табы +6…+8 градуска жетет. Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +4…+6 градус жылуу болот.