Өзгөн: эркек киши 14 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алды

Алдын ала маалымат боюнча кыздын атасы психикалык жактан жабыркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кош бойлуу 14 жаштагы өспүрүмдүн атасы кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Буга чейин жүргүзүлгөн рейддин учурунда Өзгөн районунун айылдарынын биринде 7-класстын окуучусу кош бойлуу экени аныкталган. Зордуктоого өспүрүмдүн атасы шектелген.

"Кыздын апасы 2013-жылы каза болуп калган. Атасы II топтогу майып, мектеп жашындагы эки иниси бар. Эркек киши укук коргоо орган өкүлдөрүнө кызы менен бир нече жолу жыныстык катнашка барганын айтып берген. Түйүлдүккө алты ай болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Факт Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголду. Алдын ала маалымат боюнча үй ээси психикалык жактан жабыркап келет, тийиштүү эскпертиза даярдалууда.

Ал эми кош бойлуу окуучу кыз эки иниси менен туугандарынын көзөмөлүндө. Алардын кийинки тагдырын атайын комиссия чечмекчи.