Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болду

Дайындоо боюнча буйрукка президент Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik.Өмүрбек Суваналиев Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматына дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аталган кызматтын азыркы жетекчиси Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңештин катчылыгына 2018-жылдын 12-мартында дайындалган.