Президент, министр, студенттер менен жолукту. Лавровдун Кыргызстандагы сүрөттөрү

Sputnik

Кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугуп, кызматташуу жолдорун сүйлөштү. Министр бир канча тема, анын ичинде Афганистан боюнча билдирүү да жасады.

Андан соң Кыргыз-Орус Славян университетине барып, лекция окуду. 

1 / 14
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди
2 / 14
Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кызматташуу жолдорун талкуулады
3 / 14
Бул сапар Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга келер алдындагы даярдык иш-чарасы да болду
4 / 14
Лавров Россиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Андрей Крутько менен
5 / 14
ТИМ башчысы Кыргыз-Орус Славян университетинде лекция окуду
6 / 14
Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси университетте ар кыл суроолорго жооп берди
7 / 14
Окуу жайда министрди салтанат менен тосуп алышты
8 / 14
КРСУнун эл аралык журналистика боюнча кафедрасынын жетекчиси Александр Кацев суроо берип жатат
9 / 14
Суроо берүү кезеги Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменинага да жетти
10 / 14
Россия ТИМинин башчысы экинчи аба база боюнча суроого да жооп берди
11 / 14
Университеттеги суроо-жооптор да кызыктуу болду
12 / 14
Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугуп, кызматташуунун андан аркы келечегин талкуулады
13 / 14
Эки министр жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти
14 / 14
Лавров студенттер, окутуучулар менен эстеликке сүрөткө түштү