"Кентавр" Кыргызстанда кайрадан прокатка чыгат

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Кыргызстанда кайрадан прокатка чыга турганын Кинематографты колдоо фондусунан кабарлашты.

Түбүң түшкүр дүйнөнүн азабы, ай! Базаровдун жүрөк тилген трилогиясы
Маалыматка ылайык, фильм көпчүлүктүн суроо-талабы боюнча эл назарына 28-февралдан тарта тартуулана баштайт.

"Кентавр" 2015-жылы Кыргызстан, Франция, Германия жана Нидерланддар мамлекеттеринин биргелешкен аракети менен тартылып, эл сынына 2017-жылы коюлган. Дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын 10-февралында Берлиндеги эл аралык кинофестивалда болуп өткөн.

Өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасмада башкы ролду режиссер Актан Арым Кубат өзү жараткан. Фильмге андан тышкары Таалайкан Абазова, Болот Тентимишов, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов, Нурали Турсункожоев, Максат Мамырканов тартылган.