БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ирандын борбору Тегеран шаарында өтчү Takhti Cup 2019 эл аралык турнирине Кыргызстандан 14 балбан бара турганын Күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча мелдеш 7-8-февраль күндөрү болот.
Күч сынаша турган спортчулардын тизмеси:
Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу — 57 килограммга чейин;
Улукбек Жолдошбеков — 61 кг чейин;
Эрназар Акматалиев, Нургазы Абдуразаков — 65 кг чейин;
Мансур Сыргак уулу, Исламбек Орозбеков — 70 кг чейин;
Бекжан Жамбулов — 74 кг чейин;
Ойбек Насиров, Илгиз Жакыпбеков — 97 кг чейин;
Чыңгыз Керимкулов — 92 кг чейин;
Магомед Мусаев, Кунай Нурдавлетов — 97 кг чейин;
Балбандарды башкы машыктыруучу Руслан Мажинов, улук машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу жана калыс Эрнис Суранов коштоп барат.
Белгилей кетсек, Takhti Cup 2009-жылдан бери өтүп келет. Буга чейин Базар Базаргуруев алтын медаль алса (2011-ж), былтыр дагы бир балбан Айбек Усупов коло медалга татыган.