Нурмагомедовдун менеджери: Хабиб Конор менен көчөдө болсо да мушташат

Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Нурмагомедовду былтыр 6-октябрда АКШда өткөн мелдешинен кийин жаңжал чыгарганы үчүн 9 айга дисквалификациялап, 500 миң доллар айыпка жыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Конор Макгрегор россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен сөзсүз түрдө кайрадан беттеш өткөрө турганын РИА Новости Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азизге шилтеме берип жазды. 

Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Нурмагомедовду былтыр 6-октябрда АКШда өткөн мелдешинен кийин жаңжал чыгарганы үчүн 9 айга дисквалификациялап, 500 миң доллар айыпка жыккан.

"Беттеш көчөдө болобу же унаа токтотуучу жайдабы, же көпүрөнүн астындабы... Айтор бул окуя бүтө элек. Өзгөчө ал (Макгрегор) келжиреп ар кайсыны сүйлөгөнүн койбоду. Эмне десе, ошо десин. Канчалык көп сүйлөсө, ошончолук жообун алат", — деген Абдель-Азиз.

Эскерте кетсек, беттеш былтыр 6-октябрда өткөн. Жеңишке ээ болгон Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.