БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Англиянын "Рединг" клубунун футболчусу Нелсон Оливейра оюн учурунда оор жаракат алды. "Астон Вилла" командасынын коргоочусу Тайрон Мингз Оливейра жерге жыгылып калганда бетин бутса менен басып кеткен. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Окуя болгон учур видеого тартылып калган.
Мингз атаандашынын жаракат алганын көрүп, оюнду дароо токтотууга аракет кылган. Оливейронун бетине тийген бутса мурдун сындырып, этин тилип кеткен. Бактыга жараша, көзү аман калган.
"Астон Вилла" клубунун коргоочусу болгон окуя үчүн социалдык тармак аркылуу кечирим сурады.
Мингз 2017-жылы ушундай эле окуядан улам беш оюндан четтетилген. Анда швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичтин башын тепсеп кеткен. Бактыга жараша, ал оор жаракат алган эмес.