40 мумия чыкты. Египеттен байыркы шаар чалдыбары табылды

Мумиялардын арасынан балдардын сөөктөрү да чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. —Sputnik. Египеттин Туна эль-Габаль районунан археологдор эски көрүстөндөрдү тапты деп билдирди аталган өлкөнүн Байыркы байлыктар боюнча улуттук министрлиги. Бул маалыматты РИА Новости таратты.

Египеттен табылган 3,5 миң жылдык мумиянын көрүнүшү. Видео
Бир нече кылымдардагы жашоонун болгонун далилдеген шаардын белгилери эль-Минья провинциясынын аймагынан чыккан. Ал жердеги мүрзөлөрдө үч таш табыт бар экени айтылат. Мындан сырткары, 40ка чукул мумия табылып, алардын арасынан балдардын сөөктөрү да чыккан.

Аны менен бирге керамикадан жасалган буюмдар, өлгөндө кийгизип койгон бет каптар кездешкен. Министрликтен табылгалар Египеттин тарыхындагы грек-рим дооруна туш келерин айтышты. Бул болжол менен биздин заманга чейинки IV жана биздин замандын IV кылымынын аягы болуп калат.