Радио

Абдыразакова: улуттук кийимдердин маанисин көпчүлүк түшүнбөй калды

Dream долбоорунун катышуучусу Айтурган Абдыразакова аталган долбоордун алкагында улуттук кийимдерге изилдөө жүргүзгөндүгүн айтты.
Sputnik
Абдыразакова: улуттук кийимдердин маанисин көпчүлүк түшүнбөй калды

Кыргыздын улуттук кийимдеринин маанисин көпчүлүк түшүнбөй калды. Бул тууралуу Айтурган Абдыразакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук кийимдерди изилдөө Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймагында жакшы өнүккөн.

"Элечек картондон жасала баштады. "Кийиз дүйнө" коомдук бирикмеси менен байланышып, ушул жаатта маалымат топтодум. Жыйынтыгында улуттук кийимдерди изилдөө түндүк тарапта жакшы өнүгүп, түштүк тарапта артта калганы байкалды. Ошондуктан бул тармакты өлкөбүздүн булуң-бурчунда өнүктүрүшүбүз керек. Ал эми топтолгон маалыматтар атайын нуска болуп жарыкка чыкты", — деди ал.

Абдыразакова изилдөө учурунда бир гана каада-салт менен чектелбестен инсан таануу багытына да маани берилгенин кошумчалады.