Жардам бергиле! Чүй облусунда 13 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Кыздын жакындары анын сүрөтүн мессенджерден таркатып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Чүй облусунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева жоголгонун аймактык милициядан билдиришти.

Жардам бергиле! Чүй облусунда 13 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Маалыматка караганда, 13 жаштагы кыз 3-февралда Байтик айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын жакындары мессенджерлер аркылуу сүрөтүн таратып, табууга жардам берүүнү суранышууда.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кара, тармал, кой көз. Үстүнө кара түстөгү күрмө, кара шым жана кара бут кийим кийген.

Милиция кыздын жүргөн жерин, же ал тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

— (0312) 43-01-27, 43-88-85 (Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү);

— (0312) 36-35-27 (Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүмү);

— (0312) 36-35-23, (0550) 51-09-05, (0704) 31-25-05, (0550) 34-33-63 (издөө тобу).