Радио

Ниязбекова: айылдык жаштар мекенин таштап кеткиси келбейт

Dream долбоорунун катышуучусу Элмира Ниязбекова алдыдагы 5 жылда жаштардын кийлигишүүсү менен Кыргызстан өнүгө турганын айтты.
Sputnik
Ниязбекова: айылдык жаштар мекенин таштап кеткиси келбейт

Dream долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айылдык жаштар мекенин, айылын таштап кеткиси келбегендиги аныкталды. Бул тууралуу Элмира Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет жаштар менен биргеликте өнүгөт.

"Сурамжылоого катышкан элет жашоочуларына биз "Кыргызстанды таштап кеткиңиз келеби?" деген суроону узаттык. Жыйынтыгында карысы да, жашы да "жок" деген жообун берди. Мындай жоопко бир чети кубансак, бир чети таң калдык. Улуу муундун өкүлдөрү мекенин таштап кайда кетмек эле деп ойлойбуз, бирок ошол эле маалда жаштар да айылын, жерин, элин, мекенин таштап кеткиси келбей тургандыгын биле алдык. Бул нерсе алдыдагы 5 жылда өлкөбүз жаштардын кийлигишүүсү менен өнүгө тургандыгынан кабар берет", — деди Ниязбекова.

Ал, мындан сырткары, дин тууралуу да элдин пикирин угушканын кошумчалады.