Тамашалайм деп жаакка жеди! Өз тоюнда бозала болгон колуктунун видеосу

Үлпөт тою учурунда тамашалайм деген келинге күйөөсүнүн жасаган орой мамилеси тартылган видеону Өзбекстандын соцтармак пайдалануучулары кызыл-чеке болуп талкуулап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Тасмада эки жаштын бири-бирине шириндик (халва, шербет, рахат-лукум) оозандыруу жөрөлгөсү болуп жатканы чагылдырылган. Алгач жигит шириндикти келиндин оозуна салган. Андан соң күйөө оозун ачканда келин колун тартып алып тамашалаган. Бирок жигит мындай тамашаны көтөрө албай, элдин көзүнчө колуктусун жаактан ары бир чапкан.

Sputnik Өзбекстан агенттигинин билдиришинче, бул видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Күйөө жигиттин жоругун сындагандар четтен чыгат.