Улгайган кишиге кол көтөргөн эки бала табылып, кечирим сурашты

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" катары катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ош шаарында улгайган кишиге кол көтөргөн эки өспүрүм табылып, жабырлануучудан кечирим сураганын шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Эскерте кетсек, окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, анда эки бала колунда баштыгы бар кары адамга кол көтөрүп жатканы көрүнүп турат. Кийин милиция өспүрүмдөрдүн аты-жөнү такталганын маалымдап, издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

"Улгайган кишиге кол көтөргөн жигиттер Оштогу жогорку окуу жайларынын студенттери экендиги аныкталды. Экөө тең 17 жашта, Ош шаарынын тургундары. Балдар "жабыр тарткан аксакал ичимдик ичип, өздөрү жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай жолго бардык" деп көрсөтмө беришкен. Эки жигит карыядан кечирим сурады. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" катары катталды", — деди Сыдыков.

Иликтөө иштери улантылууда.