Жаш балдардын токмогуна кабылган адам үн катты. Оштогу окуя

Жабырлануучу 58 жашта экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Эки өспүрүмдүн токмогуна кабылган улгайган адам балдарды кечиргенин Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, анда эки бала колунда баштыгы бар кары адамга кол көтөрүп жатканы көрүнүп турат. Кийин милиция өспүрүмдөрдү тапканын, алар жабырлануучудан кечирим сураганы кабарлаган.

Маалыматта 58 жаштагы адам Ош шаарындагы мекемелердин биринде күзөт кызматында иштей турганы айтылат. Үч кызды багып-чоңойткон.

"Балдар жаштык кылып коюшту. Алардын келечегин бузгум келбейт, кечирдим. Алар жаштык кылса, мен токтолуп калган кишимин. Теңелгим жок" деп жабырлануучу кармалган балдардын үстүнөн арыз жазуудан баш тартты", — дешти милициядан.

Ушу тапта иликтөө иштери уланууда. Факты "ээнбаштык" катары катталган.