Интернет айдыңында дал ушундай видео тараганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Кадрдан көрүнгөндөй, берилүү менен литавра аспабында ойноп жаткан кишинин жыгач таягы колунан ыргып кетип артында турган музыкант кыздын башына тийген. Байкуш кыз башын кармаган бойдон сахна артына чуркап кеткен. Ал эми ыңгайсыз болуп калган музыкант аспабын ургулоону улантууга аргасыз болгон.