БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Азыркы маалда "Мобильник" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын артка кайтарып алуу маселеси карала элек. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Буга чейин окурмандар кызмат аркылуу акча которуп, өз балансын толтура албай же каражаттарын ала албай жатканын айтып арызданышкан. Ал эми "Түндүкэлектр" ААКсы 1-февралдан тарта "Мобильник" менен кызматташуусун токтоткондугун кабарлаган. Мындан сырткары, "Альфа Телеком" ЖАКсы (MegaCom бренди) дагы кызмат аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну токтоткон.
"Улуттук банк "Мобильник" ЖЧКсы менен иш алып барып, Кыргызстандагы акы төлөө системасындагы тобокелчиликтерди азайтуу аракетин көрүүдө. Ал жоопкерчилиги чектелген коомдун маалыматына ылайык, учурда системанын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, кызматташкан тараптардын алдындагы карыздарды төлөө иштерин жүргүзүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Эгер кардарлардын укугун коргоо боюнча маселе жаралса, Улуттук банк жарандарды көрсөтүлгөн тартипте кайрылууну өтүнөт.