Индияда жаалданган кабылан жергиликтүү тургундарга кол салган учуру видеого түшүп калганын The Times of India басылмасы жазды.
Ага ылайык, окуя 31-январда Ламба айылында болгон. Жарыяланган видеодо жаалданган кабыланды кармоого аракет кылган учурда ал дубалдан секирип чыгып, кишини төштөн тиштеп ары качканын көрүүгө болот. Андан ары топтошуп турган кишилерди качырып барып, айрымдарын тиштеген. Алдын ала маалымат боюнча беш киши жаракат алган.
Полиция жырткыч жаныбарды жети саатта араң кармаган. Ага үч жолу транквилизатор менен атууга туура келген. Мал доктурлар аны жакынкы зоопаркка алып кетишкен.