Россиялык белгилүү диктор Евгений Суслов каза болду

Евгений Суслов 1937-жылы 10-октябрда туулган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Время" программасынын диктору Евгений Суслов 1-февралда 81 жашында каза болду. Бул тууралуу анын кесиптеши Алла Данько Facebook  баракчасына жазды.

Суслов СССРдин Борбордук телевидениесинде 30 жылдан ашык эмгектенген.

Даньконун жазышынча, диктор узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Евгений Суслов 1937-жылы 10-октябрда туулган. Көп жыл бою совет телевидениесинде иштеп, "РСФСРдин эмгек сиңирген артисти" наамын алган.

Суслов "Время" программасын, аскер параддарын жана майрамдык демонстрацияларды алып барган.