Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү башталды. Сүрөт

Шаар жетекчиси менен тургундар көчөгө чыгып, жашылдандыруу иштери менен алектеништи.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жума күнү Ош шаарын көрктөндүрүү максатында 100дөн ашуун ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу калаа жетекчилигинен билдиришти.

"Негизинен 2019-жылы шаар аймагына 3 миңге жакын дарак, 2 миллион ар түрдүү гүл эгүү пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын кызматкерлери жана жашоочулар катышты.