Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик ишкана түзүлөт. Ал эмне иш кылат?

Кыргызстанда болжол менен жүздөн ашык мамлекеттик ишкана бар.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы түзүлгөн ишкана төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;
  • туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
  • мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо.  
  • "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүн КР мыйзамдарына жана бекитилген Уставга ылайык жүргүзөт. Анын директору премьер-министр тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайындалат жана бошотулат.