Дүйнө тарыхындагы эң бай адам ким экени айтылды

Эң бай адам Amazon компаниясынын ээси деп жатсаңыз адашасыз.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар орто кылымга таандык "Каталония атласы" кол жазмасынын оңдолгон версиясын коомчулукка тартуулады. Окумуштуулар анда жер шарындагы эң бай адам тартылган деп ишендирүүдө. Бул тууралуу Live Science басылмасы жазды.

Сүрөт Түндүк-Батыш университетинде (АКШ, Иллинойс штаты) көргөзмөгө коюлду. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, карта 1375-жылы Испаниянын Мальорка аралында чийилген. Картанын борборунда Мали мамлекетинин жогорку башкаруучусу Манса Муса тартылган. Ал колуна алтын тыйынды кармап турганын көрүүгө болот.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу Бикфорд Берзоктун айтымында, Муса аймактан чыккан алтынды толук көзөмөлдөгөн. Ошол учурда Малиден чыккан алтын эң таза деп саналып, ага талап чоң болгон.

"Бүгүн ушундай байлыкка ээлик кылгандарды элестетүү кыйын. Мусанын колунда чеги жок мүмкүнчүлүк болгон", — деди Берзок.

Дүйнөдөгү эң бай кишилердин быйыл жоготкон каражаты эсептелди
Малиден чыккан алтындардан IX кылымда динар чегилген. Ошол учурда ал негизги валюта болгон. Жакында эле чечмеленген араб тексттеринде динарлар Манса Мусага таандык болгон алтындардан чегилгени айтылган.

Манса Муса тарыхта алтындын курсун жөнгө салып турган бирден-бир киши болгон деп эсептелет. Тастыкталбаган маалыматтар боюнча Муса ажылыкка баратканда кедейлерге алтын таратып, алардын товарларын кымбат баада сатып алган. Андан кийин ири шаарларда алтындын наркы түшүп кеткен.