Чычкан капчыгайына 40 миллион долларлык конструкция орнотулат

Конструкцияга корой турчу каражат грант түрүндө берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолундагы Чычкан капчыгайына баасы 40 миллион доллар болгон көчкүдөн коргой турчу тосмо курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Мэрия Бишкектин 60 көчөсүн оңдойт. Тизме
Долбоор боюнча ал 1 010 метр жерге орнотулуп, жарыктандырылат.

Тосмону курууга кете турчу 4,3 миллиард йенди (40 миллион доллардай) Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) төлөп берет. Бул каражаттан долбоорду иштеп чыкканга да акча бөлүнөт. Тосмонун долбоорун CTI Engineering International Co. Ltd компаниясы иштеп чыгат. Алар изилдөө иштерин аяктап, долбоорду даярдашкан.