Бишкекте эмерек саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

Тилсиз жоо чыккан жерге эки өрт өчүрүү унаасы барып, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Борбор калаада үй эмеректерин саткан дүкөн күйүп кетти. Бул тууралуу шаардык өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 2-февраль күнү 09.00дөр чамасында Айтматов проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөрдүн биринде чыккан. Өрт өчүрүү кызматына билдирүү саат 09.04тө түшкөн.

Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүү унаасы барып, өрт толугу менен саат 11.14төр чамасында өчүрүлдү.