АКШдагы ызгаар 12 кишинин өмүрүн алды

АКШ бийлиги суук каптаган штаттардын тургундарын сыртка чыкпай турууга чакырууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. АКШдагы адаттан тыш суук 12 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Бир жумага карата аба ырайы. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, кар түшөт
Катуу шамалдан улам айрым штаттарда —40 градус цельсияга чейин жеткен. Түндүк Дакотадан Миссури жана Огайо штатына чейинки аймак ызгаар сууктун кучагында калган. Миннесота аймагында —52 градус цельсияга чейин суук болду.

АКШ бийлиги суук каптаган штаттардын тургундарын сыртка чыкпай турууга чакырууда.

Буга чейин Америка Кошмо Штаттары —53 градуска чейинки суукка даярданып жатканы кабарланган.