БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Ленин айылында куткаруучулар муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен өспүрүмдү аман алып калышканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 31-январь күнү саат 14.25тер чамасында болгон.
Окуя катталган жерге куткаруучулар тез арада жетип келишкен. Ушу тапта баланын абалы канааттандырарлык экени айтылды.