Москвада кыргызстандык өспүрүм метронун рельсине кулап кетти. Видео

Окуя "Сходненская" станциясында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москва шаарында 16 жаштагы кыргызстандык бала метронун рельсине кулап кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Москва метрополитенинин ички иштер бөлүмүнүн билдиргенине караганда, окуя "Сходненская" станциясында болгон.

“Жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынып, башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтен кабарлашкандай, окуянын чоо-жайы такталууда.