Француздар Бишкекте бак-дарак кыйбай эле унаа токтотуучу жай курууну үйрөтөт

Борбор калаада автоунаа токтотуу үчүн электрондук төлөм киргизүү талкууланды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Франциялык компания Бишкекте бак-даракты кыйбай эле автоунаа токтотуучу жайларды түзүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев автоунаа токтотуучу жайлардын маселеси менен алектенген франциялык адистер менен жолукту.

Ош шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар бекер болот
Мэриядан кабарлашкандай, аталган компания ири шаарларда автоунаа токтотуучу жайларда электрондук төлөмдү ишке ашыруу боюнча алдыңкылардан болуп саналат. Алар мындай системаны Өзбекстанда ишке ашырышкан.

Жолугушууда автоунаа токтотуучу жайлардын учурдагы абалы талкууланды. Франциялык адистер бак-даракты кыйбай эле автоунаа токтотуучу жайларды курса болорун айтышкан, бирок аны ишке ашыруу жолдору толук айтылган эмес.

Адистердин баамында, унаа токтотуучу жайларга автоматташтырылган төлөм системасын киргизүү транспорттун кыймылын гана жөнгө салбастан, айдоочулардын шаардагы унаа токтотуучу жайларды үнөмдүү пайдалануусуна өбөлгө түзөт.