Бишкекте терек кулап, үч унааны басып калды. Сүрөт

Бишкек ШИИББ маалыматты текшерүү үчүн жерине кызматкерлерди жөнөтөрүн маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте чоң терек жолго кулап калды. Бул тууралуу Бишкек-Сегодня Telegram каналына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, терек бүгүн, 1-февралда, Чокморов менен Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишине кулап, үч унааны басып калган. Сүрөттө көрүнүп тургандай, терек жолду тосуп калган.

Тез жардам кызматына чакыруу түшкөн эмес. Бишкек ШИИББ маалыматты текшерүү үчүн жерине кызматкерлерди жөнөтөрүн маалымдады.