Бишкек — Ташкент багыты боюнча автобус каттамы жанданды

Учурда каттамдар эски расписание менен ишке ашып, жаңысы макулдашылып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек — Ташкент багыты боюнча автобус каттамы калыбына келгенин Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маршруттук багыт 2018-жылы апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ачылган.

2018-жылы ноябрда казак тарап автобустардын каттоо аралыгы бир саат болушу керектигин айткан. Кыргызстан жаңы расписаниени тийиштүү мөөнөттө жиберген.

Министрлик айдоочулардын эски лицензияларынын мөөнөтүн узартты

28-декабрда Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин транспорт комитети кыргыз тарапты расписаниелер макулдашылганга чейин каттамдар токтотулары тууралуу кабардар кылган. КР Транспорт министрлигинин маалымат кызматы бул нерсе "Жүргүнчү менен багажды автоунаа менен эл аралык ташуулар жөнүндөгү" Конвенцияга каршы келерин белгиледи.

24-январда Казакстан каттамдын жүрүүсүн токтотуп, сүйлөшүүлөр башталган.

Бүгүн Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдагандай, жаңы расписаниелер бекитилип, макулдашылганга чейин каттамдар мурдагы расписание боюнча иштей баштады.

Учурда жаңы расписание макулдашылып жатат.