БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаадагы 60 көчөнү оңдоо үчүн даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Оңдоо иштери 2019-2020-жылдарга пландалды. Тизмеге негизинен совет учурунан бери ремонт жасалбаган жолдор кирген. Алардын көбү кеңейтилип же кайра башынан асфальтталат. Ошондой эле ирригациялык система менен тротуарлар курулат. Учурда ар бир көчөнүн реконструкциялык долбоору бар. Оңдоо иштери Кытай грантынын негизинде ишке ашырылат.
"Белгилей кетчү жагдай, тизмедеги кээ бир көчөлөр алмашып кетиши мүмкүн себеби учурда макулдашуу процесси жүрүүдө", — деп маалымдашты мэриядан.
Ремонт жасала турган көчөлөрдүн тизмеси менен мэриянын сайтынан таанышыңыздар. Ремонт иштери кайсы күнү башталары айтылган эмес.