Азиянын футбол боюнча жаңы чемпиону аныкталды. Сүрөт

Катар командасы мыкты даярдыгын көрсөтүп, төрт жолку Азия чемпионун утуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Катардын футбол боюнча курама командасы япониялык атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңип, алгачкы жолу Азия чемпиону аталды.

Азия кубогу Бириккен Араб Эмирлигинде, ал эми финалдык беттеш жума күнү Абу-Дабидеги Zayed Sports City стадионунда өттү.

Алгачкы голду Катардын чабуулчусу Алмоез Али оюндун 12-мүнөтүндө киргизди. Экинчи топ япондордун дарбазасына 27-мүнөттө кирип кетти. Ал эми үчүнчү гол япон футболчуларына таандык болду. Такуми Минамино атаандашына гол киргизип, эсепти 2:1 кыла алды.

Бирок япониялыктардын аракетине карабай, катарлыктар 83-мүнөттө пенальтинин жардамы менен эсепти 3:1 кылышты. Анда голдун автору Акрам Афиф болду.

Келерки чемпионат 2022-жылы Катарда өтмөкчү.

Ал эми Кыргызстан быйыл Азия кубогуна алгачкы жолу катышты.