Алматыда өткөн ЕАЭБ саммитинде кандай документтерге кол коюлду? Тизме

Саммит Казакстандын Алматы шаарында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында жети документке кол коюлду.

Саммит Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

— ЕАЭБ санариптик күн тартиби алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери жөнүндө;

Кыргызстандагы IT-компаниялары Россиянын тендерлерине катыша алат
— Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2018-жылдын 27-июлундагы №10 тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө мамлекеттер аралык 2018-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;

— Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Ошондой эле кеме жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду, ага кыргыз тараптан транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кол койду.