Былтыр кайсы облус спорттук иш-чараларды көп өткөрдү? Тизме

Талас менен Баткен облусу боюнча жүзгө чукул гана мелдеш өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев 2018-жылы кайсы облуста спорттук иш-чара көп өткөрүлгөнүн айтып берди.

Былтыр КР спортчулары канча медалга ээ болду? Мамагенттиктин статистикасы
Белгилей кетсек, Мамлекеттик агенттик жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Анан айтымында, биринчи орунда 364 спорттук иш-чара өткөргөн Нарын облусу турат. Экинчи болуп 284 спорттук мелдеш менен Жалал-Абад облусу кирди. Кийинки орунга 208 турнир өткөргөн Ысык-көл, 184 иш-чара менен Ош облусу татыды.

Ошондой эле Талас облусу 98, ал эми Баткен облусу 86 мелдеш өткөргөн.