Кыргызстанда жылына 10 миллиард куб суу дарыялардан алынат

Депутаттар Суу кодексине, Суу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан жылына 10 миллиард куб сууну дарыялардан алат жана анын 4,5 – 4,7 миллиард куб метрин сугат үчүн колдонот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Суу чарба департаментинин өкүлү билдирди.

Декабрда кара түтүн жутпаш үчүн кээ бирлер үйдө отурушу керек эле. Эксперттин пикири
Депутат Эрмамат Тагаев Кыргызстан өзүнөн агып чыккан суунун канчасын пайдаланарына кызыкты. Суу чарба департаментинин өкүлү эл аралык норма боюнча 20 пайызга чейин колдонсо болорун, бирок Кыргызстан учурда агып чыккан суунун 16 пайызын гана пайдаланарын билдирди.

Бүгүн депутаттар Суу кодексине, Суу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатат. Мыйзам экинчи окууга киргизилет.