Кыргызстан бир дагы товар реэкспорттобойт

Депутаттар тийиштүү мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бүгүнкү күнү Кыргызстан бир дагы продукцияны реэкспорт кылбайт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Дастан Кадыров парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу транзиттик товарлар өтөт.

Былтыр экономикалык өсүү болгонбу? Статкомдун маалыматы
Депутаттар "Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

Депутат Алмазбек Токторов транзит менен реэкспорттун айырмасына кызыкты. Өз кезегинде министрдин орун басары Кадыров транзит менен келген товар Кыргызстан аркылуу өтүп гана кетерин, ал эми реэкспортто товар Кыргызстандын аймагына түшүрүлүп, андан ары эч өзгөртүүсүз түрдө кайра сатылат деп түшүндүрмө берди.