Былтыр канча милиционер жазаланган. ИИМдин жообу

ИИМден тартип бузган кызматкерлер ким экендигине карабай жазаланышы керектигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда мыйзам бузгандыгы үчүн милициянын 5 811 кызматкери жазага тартылган. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милиционер коюп кеткен окуучунун мертиниши. Кырсыктан кийинки учур видеодо
Тартип коргоо органынын кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголсо, алардын ичинен 83ү милиционерлерге таандык болгон. Мындан сырткары, милициянын 5 811 кызматкери тартип бузса, алардын 155и иштен кетип, 263ү кызматынан бошотулган.

ИИМден тартип бузган кызматкерлер ким экендигине карабай жазаланышы керектигин айтышты.