Дүйнө боюнча эң көп автоунаа чыгарган заводдор аныкталды

Аналитиктердин эсеби боюнча биринчиге чыккан компания бир жылда 10,8 миллион унаа чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Германиянын Volkswagen автомобилдик концерни дүйнөдөгү эң көп машина чыгарган завод деп аныкталды. Бул туурасында Bloomberg агенттиги жазды. 

Кыргызстанда пайда болгон Ravon унаасы үчүн жасалган краш-тест. Видео
Бул компания үч жылдан бери биринчиликти бербей келет. Аналитиктердин эсеби боюнча 2018-жылы 10,8 миллион машина чыгарган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга көбүрөөк.

Экинчи сапка 10,6 миллион автоунаа тартуулаган Toyota компаниясы илинди. Ал эми үчүнчүнү алган Япониянын дагы бир концерни Nissan бир жылда 5,65 миллион унаа саткан.

Автоунаа чыгаргандар 2019-жылга карата көрсөткүчтөр боюнча тынчсызданып жатышат. Анткени буга Кытай менен АКШнын ортосундагы соода тармагындагы пикир келишпестик жана экологияны коргоо боюнча киргизилген катуу тартиптер таасир этиши мүмкүн. Жаңы талаптар компанияларды чыгымы аз электромобилдик жана гибриддик унааларды көбүрөөк чыгарууга түртөт.