Радио

Бакетаев: Бишкек боюнча дагы 60 көчөгө асфальт төшөйбүз

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев 2018-жылы ордо калаадагы аткарылган маанилүү иш-чаралар атайын кабыл алынган социалдык-экономикалык программалардын алкагында жүргөнүн айтты.
Sputnik
Бакетаев: Бишкек боюнча дагы 60 көчөгө асфальт төшөйбүз

Эң чоң долбоорлордун бири жолдорду оңдоо жана тургундарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу болгон. Бул тууралуу Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

 

Анын айтымында, жолдорду оңдоо долбоорунун биринчи фазасында 47 көчөгө 87 чакырым асфальт төшөлгөн.

"Иштер "Жагымдуу шарттар шаары" деп кабыл алынган социалдык экономикалык программанын алкагында жүрдү. Андагы эң чоң долбоор жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү болду. Биринчи фазасында 47 көчөгө 87 чакырым асфальт төшөлсө, кийинки фазанын алкагында 2019-2020-жылдары дагы 60 көчөдөгү 70 чакырым жолду асфальттайбыз. Андан кийинки чоң долбоор — коомдук транспорт. Автобустарды алуу боюнча 2018-жылдын соңунда тендер өтүп, жеңүүчү компания аныкталган. Эми март айларында шаарга 69 жаңы автобус алып келинет," — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал жаңы алып келине турган автобустардын бир даанасынын болжолдуу баасы 70-71 миң АКШ долларын түзөрүн кошумчалады.