Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Күн тартибиндеги маселе — жер казынасы тармагындагы коопсуздук.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн, 30-январь күнү, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Күн тартибиндеги маселе — жер казынасы тармагындагы коопсуздук.

Жыйынды президент Сооронбай Жээнбеков ачып берип, жабылышында дагы жыйынтыктоочу сөз сүйлөйт.

Акыркы жолу Коопсуздук кеңеши былтыркы жылдын 14-декабрында чогулган. Анда президент ошол кездеги транспорт министри Жамшитбек Калиловду сынга алып, кийин министр кызматтан кеткен.