Милиционер коюп кеткен окуучунун мертиниши. Кырсыктан кийинки учур видеодо

Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине милиционер 11 жаштагы баланы сүзүп, ал каза тапкан жол кырсыгынан кийинки видеону жиберди.
Sputnik

Каргашалуу окуя 29-январь күнү саат 7.10дор чамасында Сокулук районунун Нопопавловка айылында болгон. Айдоочу Audi A6 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан.

Кырсыктап реанимацияда жаткан экс-министр Малабаевдин абалы айтылды
Буга чейин Чүй облустук милициясынан рулда милициянын 23 жаштагы старшинасы болгонун айтышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу кырсык учурунда соо болчу.

Күбөнүн видеосунан Audi A6 унаасында отурган айдоочуну чогулуп калган эл тилдеп, урушуп жатканын көрүүгө болот. Ал эми автор унаа катуу ылдамдыкта келип, баланы кагып кеткенин айтууда. Мындан тышкары, унаанын ичинде милициянын курткасы жатканы байкалат.

Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүүлөр уланууда. Кызматтык иликтөөлөр башталып, шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилди.